Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №173 дарегинде жайгашкан республикалык стоматологиялык клиниканын имаратын мыйзамсыз ээликке алуу фактылары аныкталган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматт айтылгандай, аталган мамлекеттик мекеменин имараты 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Менчиктештирүү жол-жобосу ачык конкурстарды өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуусу менен жүргүзүлгөн.
Клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект болуп эсептелип, өлкөнүн калкына стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында негизги функцияны аткарып келген.
«Архивдик документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жана аныкталган бузууларды эске алуунун натыйжасында, мүлккө ээлик кылган юридикалык жактын жетекчилиги жалпы аянты 1510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү чечкен» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




