Айдоочу каналга кирип кетип каза тапты
- 1 year мурун
Бүгүн, 7-августта, Чүй районунун Шамшы айылында “Volvo” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран көз жумган.
Куткаруучулар унааны суудан чыгарып жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ.
Муну бөлүшүү