«Айчүрөк» соода борборунун жанындагы курулуш буздурулууда
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 23-февралда, Бишкек шаарында «Айчүрөк» соода борборунун жанында жайгашкан курулушту демонтаждоо иштери башталды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буга чейин компанияга конструкцияны өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн убакыт берилгенин, бирок алар тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн белгиледи.
«Эгерде компания бир күндүн ичинде демонтаждалган конструкцияларды алып кетпесе, алар Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын айып короосуна жөнөтүлөт», деди шаар башчысы.
Мындан тышкары,мэр Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына фонтандык конструкциянын жаңыланган долбоорун даярдоону тапшырды. Объектти модернизациялап, аны кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн эскизди ыкчам түрдө сунуштоо милдети коюлду.
Демонтаждоо иштерин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүүдө.
Шаардык кызматтардын жетекчилерине иштерди жүргүзүү учурунда кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
19-февралда мэр Айбек Жунушалиев шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен бирге Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерип чыгып, эгерде компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда шаардык кызматтар тартыларын белгилеген.
Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүп, сын пикирлер айтылып келген.
Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев журналисттерге бул боюнча комментарий берип, бүткөнчө чыдай турууну, бул жер Кыргызстандын «Монте-Карлосу» болорун билдирген.
-Мен бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап койду десеңер, кайра жасап берейин. Калп айтпайын, атайын бетон, мрамор, бадалдарды алып келгенбиз, 350-400 метр жер, бул жерди Кыргызстандын “Монте-Карлосун” кылып беребиз. Дагы бир-эки ай чыдап койгула, болду, анан ушул жерде басасыңар, ойнойсуңар, күлөсүңөр. Күнү-түнү шаардыктар ушул жерде жүрөт. Алдын шаар кылдык, бүткөндө көрөсүңөр,-деди Нариман Түлеев журналисттерге.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




