Аида Салянова: Шайлоочулардын добушун сатып алуу көрүнүштөрү болууда

Аида Салянова кайра шайлоо болуп жаткан шайлоо округдарынын биринде, Свердлов районунда шайлоочулардын добушун сатып алуу, шайлооочуларды участокко жапырт ташып келүү көрүнүштөрү кездешип жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Свердлов районунда таң атпай шайлоочулардын добуштарын сатып алуу башталды Шайлоочуларды жапырт ташып келишүүдө. Байкоочулардын, ишенимдүү адамдардын арыздары эч бир роль ойнобой жатат.

БШК реакция кылгандай өңдөнүп жатат, бирок ошол аракеттердин баары шайлоочулардын добуш сатып алгандарга, жапырт шайлоочуларды ташып келгендерге бир тыйынча болбой жатат, -деди Салянова.   

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты