Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу агасы тууралуу айтылгандар боюнча билдирүү жасады

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 15-октябрда, Фейсбук баракчасы аркылуу Камила Дүйшөбаеванын өлүмү жана агасы Калыбек Салянов тууралуу айтылгандар боюнча Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасады.  

-19 жаштагы Камила Дөйшөбаева 11 жыл мурун өлтүрүлгөн. Ал кезде жүздөгөн адамдар суралып, Калыбек Салянов (атамдын бир тууганы) күбө катары суралган. Маркум кыз агамдын ишине жумуш издеп келиптир. Ушул жагдайда агамдын телефон номери кыздын уюлдук телефонунда сакталып калган,-деди Салянова.

Аида Салянова Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн 2014-жылы башкы прокурор болгонун, бирок тергөөгө кийлигишпегенин, ал кезде Атамбаевдин бийлигине ачык оппозицияда болгонун айтты.  

-2015-жылы депутат болуп шайландым. Мен ошол кездеги Атамбаевдин бийлигине ачык оппозицияда болдум. Конституцияга өзгөрүү киргизүүгө каршы болдум, бийликти көп сындап турдум. Текебаевди жоопко тартканы, керек болсо, Садыр Жапаров боюнча бийликти сындап айткам. Анда Садыр Жапаровдун жакын адамдары да унчукпай отурушкан. Жагдай, саясат ошондой болчу.

Мен деле коркуп, унчукпай отурсам болмок. 2016-жылы мага иш козгошкон, 2016-жылы козголгон иште быйыл акыркы чечим чыгарды. “Белизгейт” боюнча да бизге таңуулап, коррупциялашкан иштерге барышкан деп, ал күнөөлөрү далилденген эмес. Саясий катуу тиреш болуп жаткан кезде, 2017-жылы агама иш козгоп жатышат. 2014-жылы болгон ишке өлтүрүү деп иш козгогондон коркушкан, анда эч кандай далил болгон эмес. Тергөөгө тоскоол болгон деп козгошту.

Ошондой эле агасы Калыбек Салянов Камила Дүйшөбаева менен саунада болгон эместигин жана андагы камерадагы жазууларды өчүртпөгөнүн белгиледи:    

-Менин агам Камила Дүйшөбаева менен саунада болгон эмес. Тергөөгө тоскоолдук кылды, демек өлтүрдү деген ишеним үчүн, мени каралоо үчүн, мөөнөтү өткөндөн кийин, 2017-жылы козгоп жатышат.

Кээ бир адамдар “эмнеге агаң чыгып кетти” дешет. Агам сыртка чыгып, кирбегенге туура келди, анан Америкага кетти.

Ошол тоскоол болгонго далил болгон эмес, алар саунадагы жазууну өчүргөн дешет. 2017-жылы инимди атып кетип жатышат. Фергана. ru да жарыялаган. иликтөөдө Эльнура Алканова Алмаматовдон “өчүрүлдүбү” дегенде, “кадимки практика” деп жооп берген. ЭлТРдеги сюжетте болсо, Алмаматов Салянов өчүр деди дегенди айтып жатышат.

Тергөөгө тоскоолдук деп козгогондон бери 8 жыл өттү, ушул жылдары «зөөкүр арабызда жүрөт» деп айтып эле келдим. Бул кылмышты саясатташтырганы үчүн издешкен эмес. Максат — Саляновду, мени каралаш керек болчу. Калыбек Салянов Камила Дүйшөбаева менен тыгыз байланышта болгон деп жазып жатат. Мен агама кеңеш бердим, сотко бергиле деп.

Бул иш Америкада да каралган, саясий иш болгон деген чечим чыккан.

“Дайыр Орунбеков, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу Салянов тууралуу ЭлТР берген өңүттө атайын каралоо, ошол кездеги саясий буйрутманы актоо болуп калган. Эч бир саясат адамдын бир тамчы канына арзыбайт. Жалган жалаанын арты жакшылык менен бүтпөйт” деди Аида Салянова.

 

ЭлТР телеканалы ички иштер органдары биргелешип, Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү 41 жаштагы А.К. мурда жасаган кылмыштарын, мойнуна алганы иликтөө жарыялады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова 2019-жылдын 24-январында Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясий өңүт алып жатканын айткан.

“Бул жерде эң өкүнүчтүү нерсе, кыздын өлүмү саясий максатта пайдаланылып, коомчулукта көп айтыла баштады. Ошол эле учурда чыныгы кылмышкер биздин арабызда жүрөт. Бирок ал менин тууганым эмес” деп айткан Салянова.

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Экс-баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) үй-бүлөсү менен АКШдан саясий баш паанек алып кеткен.

Калыбек Элтуйбасовго (Салянов) Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы ага кылмыш ишин козгогон.

Сүрөттө: экс-башкы прокурор Аида Салянова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты