Аида Салянова сот реформасынан түңүлдү

Аида Салянова сот реформасынан түңүлдү
Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынан экс-депутат, экс башкы прокурор, экс юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча бүгүн, 22-майда өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардук сотторунун чечимдерин күчүндө калтырды.
Салянова Жогорку сотто адилеттик болот деп күткөнүн, бирок чыгарылган өкүмдөн кийин сот системасын реформалоо боюнча президенттин сөздөрүнө ишенбей калганын билдирди.
“Бул чечимден кийин Жээнбековдун сот тармагы, аны реформалоо боюнча айткан сөздөрүнө ишенбей калдым. Президенттин сөзү суу кечпейт, соттор анын сөзүн укпай жатышат. Мен акыркы убакытка чейин адиоеттик болот деп ишенип жаткам” деди.
2016-жылдын  26-декабрында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон кылмыш иши “Чубактын кунундай чубалып” келаткан.
2017-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарып, жазаны өтөө мөөнөтү 12 жылдан кийин күчүңө кирет деген, б.а. наристеси 14 жашка толгондон кийин жазасын өтөй турган болгон. Мындай өкүмдү 2017-жылдын 10-октябрында судья Кубанычбек Касымбеков чыгарган. Аида Салянова жана анын жактоочулары соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.
Салянова күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалаган. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Райондук сотто Аида Саляновага жана жактоочусу Чынара Жакупбековага жарыш сөз сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Айыпталуучуга акыркы сөз да берилген эмес. Мындан улам А. Салянова райондук сот адилетсиз өткөнүн, өзүнө жок жерден жалаа жабылганын, ага карата доо сотто далилденбегенин журналисттерге айткан.
Соттордон ыдык көрүп жүргөн учурда анын кайгысына дагы бир мүшкүл иш түшкөн. 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү иниси Улан Саляновду атып кеткенде ал ооруканадан каза тапкан.
2018-жылдын 6-январында  Бишкек шаардык сотунда Аида Салянованын сотунда Салянованын өзү да, анын кызыкчылыгын жактаган юрист Рабига Сыдыкова да, бул иште кылмыш белгилери жок экени, юстиция министри кезинде кесиптик милдетин гана аткарганын,  соттук процесс негизинен саясий өңүт алганын айтышкан.
Юстиция министри кезинде Салянова Алексей Елисеевдин лицензиясын узартып, мыйзам бузбаганын, ал лицензияны узартуудан эч кандай жеке пайда көрбөгөнүн, Елисеевди тааныбаганын айтат. Елисеевдин өзү да алардын тааныш болбогонун тастыктайт.
2018-жылдын 9-январында Салянованын ишин кароо Бишкек шаардык сотунда уланмак. Бирок ал кезде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, Чүй облустук ооруканасына жатып калган.
Адвокаттар анын ден соолугуна байланыштуу отурумду жылдырууну өтүнгөндө судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, аны түштөн кийин сотко мажбурлап алып келүү аракети жасаларын айткан.
2018-жылдын 2-февралында, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сотун кеч болуп калганына карабастан, токтотпой алып барган.
Ал эми 2018-жылдын 29-январында  Бишкек шаардык сотунда башка процесстер залдагы сууктан улам каралбай, соттор үйлөрүнө тарап кетсе да, жалгыз судья Ирина Воронцова Аида Салянованын соттук ишин уланта берген.
2018-жылдын 7-февралында болуп өткөн Бишкек шаардык сотунда ЖК депутаты Аида Салянованын иши боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылган.
21-февралда, “Ата Мекен” фракциясынан Аида Салянова  парламенттин пленардык  жыйынында соттолгондугуна абйланыштуу мандатын алынарда акыркы сөз алып сүйлөгөндө минтип айткан:
“Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күнкарама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөр  да мен тарапта болгонуна карабастан,  сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды.  Бүгүн прокуратура, сот жана УКМК уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратуранын уюшуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм” деген.
Экс-президент Роза Отунбаева КР ЖК депутаты Аида Салянованын соттук иши боюнча мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда мындай деп айтылат:
“Мыйзам адам укугуна—жарандык, кесиптик жана башка укуктарына кепилдик берет. Мыйзам гана жоопкерчиликти аныктайт. Мамлекеттин эң башкы функциясы—акыйкаттыкты камсыз кылуу.
Аида Салянова 2010-жылы мыйзамды кыйшаюусуз сактап, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген, узартпай коюуга анын мыйзамдык укугу жок эле. Ошол эле кезде Салянова башкы прокурор болуп турганда Елисеевге кылмыш иши козголгон, анын башчылыгы алдында прокурорлор соттордо ага каршы өзгөчө оор беренелер боюнча айып тагып келишкен.
Аида Салянованы адвокаттык лицензия берген деп айыптаган акылга сыйбаган жорук.  Андан дагы Елисеев лицензия берилгенден үч жылдан кийин айыпталып жатпайбы! Ошол эле Салянова юстиция министринен башкы прокурор болуп дайындалгандан кийин Елисеевдин үстүнөн болгон кылмыш иши аягына чыккан. Андан дагы ушул өкүмдүн негизинде “Альфа Телекомдун” (MegaCom соода маркасы) жүз пайыздык үлүшү мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди.
Салянованын адвокаттары сотто анын күнөөсү жоктугуна байланыштуу гана эмес, сот процессинин акылга сыйбай тургандыгы тууралуу көптөгөн далилдерди берди. Мен алардын бирөөнү гана мисал келтирдим.
Сот акыйкат болуп жатабы?  Жок! Ленин райондук соту (судья Кубанычбек Касымбеков)  шаштыруу менен өттү, тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк берилбей, процессуалдык ченемдер бузулуу менен өттү.
Азыркы учурда болуп жаткан Бишкек шаардык соту, анда төрагалык кылган Ирина Воронцова, Салянованын саламаттыгы начар экенин доктурлар тастыктап турса  да, соттук териштирүүлөрдү тыкыс график менен коюп койду.  Врачтар Салянованын жүрөгүнүн эки катар дарты жана башка кардиологиялык дарттары бар дешти. Ошого карабай Воронцованын тапшырмасы менен прокурорлор коюлган дарттын анык-чынын текшерип, врачтарды сотко чакырып жатышат!
Булардын баары, Салянованын үстүнөн болгон сот процесси таптакыр мыйзамсыз болуп жатканын эч нерсени билбеген адам да туюп турат” деген экс президент Роза Отунбаева.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Жарандар юриспруденциянын майда-чүйдөсүн талдап-билүүгө милдеттүү эмес, бирок алар сот акыйкаттыгы, мыйзам үстүмдүгү орношуна ишеним артышы керек. Мына ошондуктан мен сизге эл алдында мамлекетте акыйкаттыктын болушунун кепили катары кайрылып жатам!
Ушул жылдары мамлекеттик бийик трибунадан сот системасындагы кризис, алардын кесипкөй эместиги жана коррупция тууралуу айтып келдик. Сот  реформасын жүргүзүү боюнча мыйзамдар бир жылдан кийин гана күчүнө кирет, ал эми адамдардын тагдырлары бүгүн , мына ушунтип акыйкатсыз, соттордун аралашышы менен чечилип жатат. Миңдеген адамдардын тагдырлары ошондой чечилип жатат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен сизге сиздин аппараттагы адамдарга Салянованын үстүнөн болгон сот иштерин калыс жана акыйкат иликтеп чыгууга тапшырма берсеңиз экен дейм. Бул биздин өлкөдө президенттин көзөмөлү алдында мыйзамдуулук кайра калыбына келе турганына байкаларлык далил болуп берет. Адамдын укугу жана эркиндигинин бузулушуна эртең эмес, дал бүгүн бөгөт коюлсун!
Сиздин бир иштеги принципиалдуулугуңуз жана мыйзамдуулугуңуз соттор корпусуна багыт берип, башка миңдеген  сот иштерине мисал болоруна мен ишенем! — деген Р. Отунбаева.
Борбордук шайлоо комиссиясы  Аида Салянованы соттун өкүмүнүн негизинде 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратты. БШК жыйынында анын 10 мүчөсү Аида Салянованы мандатынан ажыратууга макулдугун беришсе, Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова каршы болгон. Көпчүлүк добуш менен Салянованы депутаттык мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынган.
Гулнара Журабаева бул чечим мыйзамсыз экенин, эгер сот  Аида Салянованын жаш баласына байланыштуу жаза өтөө мөөнөтүн 12 жылга жылдырса, анын мандаты да 12 жылдан кийин алынышы керек дейт.
Аида Салянова өзүнүн депутаттык мандаты алынарын болжолдоп, Бишкек шаардык соту өкүмдү угузгандан кийин айткан эле:
“Депутаттык мандат мага өзүнчө абал, өзүнчө статус эмес, элдин көйгөйүн жеткирип турган трибуна. Эгер мени депутаттык мандатымдан ажыратса деле  ушул эле жумуштарымды аткара бермекчимин, -деген.
Салянова ЖКда өзү катышкан акыркы жыйында, депутаттар менен коштошуп жатып, соттордун коррупциялашканын баса белгилеген:
—Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөр  да мен тарапта болгонуна карабастан,  сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды.  Бүгүн прокуратура, сот жана Улуттук коопсуздук мамлеккттик кызматы уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратуранын уюшуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм” деген эле.
Ал эми Аида Саляновага Бишкек шаардык сотунда өкүм чыгарган судья Ирина Воронцова Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына  тандалууда. Ушул сыяктуу көрүнүштөр—коомчулукта сотторго болгон нааразылыкты барган сайын курчутууда.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты