Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү кызматын аркалайт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаевдин маалыматына таянып, «Азаттык» радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү. Эми буга байланыштуу жарлыкка президент кол коюшу керек.

Аида Касымалиева 2017-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2018-жылдын 26-декабрында ЖК төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Эмгек жолун «Азаттык» радиосунда баштап, 2004-2008-жылдары. «Азаттык+» жаштар радиопрограммасынын координатору, автору жана алып баруучусу, продюсери кызматтарын аркалаган. «Ыңгайсыз суроолор» программасынын алып барган. Мындан сырткары эл аралык Internews Network, Al Jazeera эл аралык телекомпаниялары менен кызматташкан, КТРКда, Борбордук Азиядагы Америка Университетинде иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты