“Аэрофлот” Кыргызстанга каттамдарын жандантты

  • 2 года мурун

Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы 14-марттан тартып Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:10до Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна учуп келет.

“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды.

Ушундан улам билеттин баасы кымбаттап, Орусияда жүргөн журтташтар мекенине келе албай жатканын билдиришкен. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты