Адылбек Касымалиев Google компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Google технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Жолугушууга Google компаниясынын билим берүү боюнча глобалдык директору Тимоти Паолини жана компаниянын башка өкүлдөрү катышты.
МинКаб төрагасы санариптештирүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин, Google сыяктуу технология лидерлери менен кызматташуу өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Google компаниясынын өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл IT-тармагында жумуш орундарын түзүү, стартаптарды колдоо, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук жаатында адистерди даярдоого бурулду.


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-февралда жумуш сапары менен Дубай шаарына барды. Мурда айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышууда.
Сүрөттөр: gov.kg