Адылбек Касымалиев Дубай шаарына барды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-февралда жумуш сапары менен Дубай шаарына барды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берди.   

Мурда айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат. “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт. 

Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болоору пландалууда. 11-февралда Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазруи менен жолугушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты