Адылбек Касымалиев Араб Эмираттарына барат
- 1 месяц мурун
11-13-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубай шаарына жумуш сапары менен барат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, сапардын жүрүшүндө МинКаб төрагасы дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышып, глобалдык таасирдин күчөшү темасында сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.
“Келечектин өкмөттөрүн түзүү” темасына арналган дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюм, 100дөн ашык өкмөттүк делегация жана 6 миңден ашуун катышуучу катышат.
Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланат.
Сүрөт: Дубай. Өкмөт үйү. Интернет булактарынан