Адылбек Касымалиев Бундестагдын депутаттары менен чай үстүндө баарлашты

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германияда Бундестагдын депутаттары – «Германия – Борбордук Азия» достук тобунун мүчөлөрү менен жумушчу эртең мененки тамак форматында жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Анда айтылгандай, кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулады. 

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы Германия менен болгон мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, аны Европа Биримдигиндеги жана жалпысынан Европадагы негизги өнөктөштөрдүн бири катары караарын баса белгиледи. 

-Германия «Борбордук Азия+» форматындагы диалогду демилгелеген биринчи европалык өлкө болду. «Борбордук Азия + Германия» саммитинин жыйынтыгы боюнча Германия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге чыгып, жаңы мазмунга ээ болду,- деп билдирди Министрлер кабинетинин башчысы. 

Кыргызстандагы экономикалык кырдаал тууралуу сөз кылып жатып, Адылбек Касымалиев өлкө улуттук экономиканы модернизациялоо этабынан өтүп жатканын билдирди. Акыркы үч жылда ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 9% кем эмес болсо, 2025-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде өсүү 11,7%ке жеткен, бул аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналарын айтты.

Административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, салык системасын модернизациялоо жана санариптик сервистерди киргизүү аркылуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды активдүү түзүүгө басым жасады. Ошондой эле, ал агроөнөр жай комплексин модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү, экспортту диверсификациялоо жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. 

Министрлер кабинетинин төрагасы «Германия – Борбордук Азия» достук тобунун активдүү ишмердүүлүгү Бундестагда аймактын ролун жана Борбордук Азия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн тереңдетүүдө, ошондой эле туруктуу коомдук-саясий байланыштарды түзүүдө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарына жумушчу сапары менен барды.

Мурда кабарлангандай, ал «Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү» деген темадагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты