Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Берлинге барат

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Берлин шаарына барат.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, Касымалиев “Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү” деген темада боло турган кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз тараптан Адылбек Касымалиевдин тең төрагалыгы алдында өтүүчү кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар жолугушууларды өткөрүп, “Кыргыз почтасынын” эл аралык логистикалык борборуна барат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты