Адылбек Касымалиев баштаган делегация Красногорск шаарында “Крокус Ситиде” курман болгондорду эскерди   

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген делегация Красногорск шаарында “Крокус Сити Холддо” теракт учурунда курман болгондорду эскерди.  

Бул тууралуу Минкаб басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Адылбек Касымалиев Москвага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) экономикалык кеңешнинин кезектеги жыйынына баргандыгы белгиленди.   

Адылбек Касымалиев баштаган делегация Красногорск шаарында “Крокус Ситиде” курман болгондорду эскерди   

 “Крокус Сити Холлго” куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Бул окуяга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун ооган канаты катышканын жарыялады.

Орусия президенти Владимир Путин бул иште Украинанын изи бар экенин айткан. Киев бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

22-марттагы окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Сүрөттөр: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты