Адылбек Касымалиев Беларуска иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрь күндөрү Беларуска иш сапары менен барат. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумдардын күн тартиби соода-экономикалык жана ар кандай тармактарды камтыган кызматташуунун кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле, “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө бир катар мамлекеттердин делегация башчылары менен бирге катышат. Көргөзмөнүн “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты