Адистер: Өзбекстанда чөлгө айлануу жана кургакчылык жараяндары күчөдү

  • 10 месяцев мурун

Бул жумада Өзбекстандын 3 облусунда жана борборунда чаң-кум бороондору байкалды. Айрым аймактарда абанын температурасы 42-44 градуска чейин жогорулады.

Өзбекстандын энергетика министрлигинин маалыматы боюнча чаңдуу бороондун кесепетинен Бухара, Навои жана Самарканд облустарында дээрлик 40 миң үй жарыксыз калды.

Акыркы жылдары Өзбекстанда жаз-жай айларында катуу чаң-кум бороондору байкалууда. Адистердин айтымында, глобалдык жылуулуктун натыйжасында Өзбекстанда чөлгө айлануу жана кургакчылык жараяндары кескин күчөдү.

Мындай учурда өлкөдө жашыл зоналардын бузулушу, бак-дарактардын кыйылышы жана шаарларда бетон жана асфальт төшөлгөн аянттардын көбөйүшү абалды ого бетер курчутууда.

19-июнь күнү кечинде Бухара жана Навои облустарын, ошондой эле Самарканд облусунун айрым райондорун да чаңдуу бороон каптаган. Соцтармак колдонуучулары сыртта дем алуу кыйын болуп, айрым аймактарда коомдук транспорттун кыймылы чектелгенин кабарлашты.

Энергетика министрлиги 19-июнда кум бороонунан жабыркаган 3 аймакта коопсуздук үчүн электр жарыгы өчүрүлгөнүн маалымдады.

Абада чаңдын көбөйүшү адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат: адам организми дем алуу жолдорунун инфекцияларына, бронхитке, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылышы мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, чаң бөлүкчөлөрүн үзгүлтүксүз жуткан адам жүрөк-кан тамыр ооруларына жана өпкө рагына чалдыгышы ыктымал.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты