Адамдын органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндө жобо бекитилди

  • 1 месяц мурун

Министрлер Кабинети “адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.

МинКаб сайтында маалымдалгандай, токтомдун максаты адамдын органдарын жана (же) тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү, жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамынын ишке ашыруу болуп саналат.

Ошондой эле токтом «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамында трансплантациялоо үчүн органдарды жана (же) ткандарды алып салууну жүзөгө ашырган трансплантациялоо объекттеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, реестрди жүргүзүүнүн тартиби жана трансплантациялоо жөнүндө корутунду берүү сыяктуу эталондук ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн ачып берет.

Ошол эле учурда долбоор саламаттык сактоо уюмдарында органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоодо медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттарын кошумчалайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты