Адам уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды

  • 2 года мурун

Жакында базарлардын биринде  ак  түстөгү унаа менен белгисиз үч киши азиат түспөлүндөгү кишинин денесине залал келтирип, күч менен  унаага салып белгисиз жакка алып  кетишкен  видео  социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерде тараган.
Буга байланыштуу  ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери  жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барышкан.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин тергөө кызматы
тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен  кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн бири — Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран С.А. кармалган. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Учурда тергөө иштери аткарылууда.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты