Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо белгиленгендей, байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналган. Ата-бабаларыбыз “Ар-намысың жоготконуң – адам деген атың жоготконуң” деп бекеринен айтышкан эмес. Демек, аталган декларациянын принциптери биздин нарк-насилибиз менен салт-санаабызга шайкеш келет.

«Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону өз ара урматтоо маданияты, ар бирибиздин кылган иш-аракеттерибиз үчүн жоопкерчилигибиз, жаратмандыкка жана өз ара колдоого умтулуубуз катары кабылдайбыз” деп айтылат куттуктоодо.

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген бул документ ар бир адамдын укугу менен эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын эң жогорку баалуулук катары жарыялап, адам укуктары менен эркиндиктеринин заманбап системасынын бекем пайдубалына айланган.

Кыргызстан 1992-жылы БУУга кошулган, өлкөбүз адам укуктарынын жалпы ченемдерин тааныйт жана колдойт. 

Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты