Адам укугун коргоо күнүнө байланыштуу президент Жапаров кайрылуу жолдоду

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

“Өткөн он жылдыкта Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары үчүн үлгү болуп, көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде биздин өлкөнү, тиешелүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга шыктандырды. Кыргыз Республикасы бул принциптерди кармануу менен, бул багыттагы глобалдык демилгелерге жигердүү катышып келет.

Бул жааттагы жетишкендиктерибизди адам укуктары боюнча эл аралык негизги келишимдерге кошулуу, милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык платформаларга үзгүлтүксүз маалымат берүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы дагы тастыктайт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ата Мекенибизде ар бириңиздер ар дайым укуктарыңыздардын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуңуздарды каалайм. Коомубузда ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрсүн!

Эң башкы баалуулугубузду – адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдейли!

Ар бир күнүбүз тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубаттуулукка карай кадам болсун!” деп айтылат куттуктоодо.

Мындан 76 жыл мурун 10-декабрда Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алып, аны дүйнөдөгү бардык элдер жана мамлекеттер карманууга тийиш болгон документ катары жарыялаган. Ошондон бери 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленип келет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты