Адам өлтүрүүгө шектүү өлкөдөн качууга аракет кылган

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кыргызстандын чегинен тышкары жакка чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

4-апрелде саат 22.40 чамасында милицияга Кара-Балтада «Аладдин» кафесинин жанынан 30-35 жаштагы кишинин сөөгү зордук-зомбулук белгилери менен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маркумдун денесине үч жолу бычак сайылган. Ал 1996-жылы туулган Ж.Ж. болуп чыкты.

Бул кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 31 жаштагы А Б. өлкөдөн качууга аракет кылып жатканы белгилүү болду. Ал мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан Чалдовар постунан токтотулган.  

Шектүү убактылуу жайга камалган. Тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Сүрөт: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты