Адал колбасада-чочконун эти. Орусиянын ветеринария жана фитосанитария кызматына «Тойбосстон» жооп

  • 12 месяцев мурун

Орусиянын айыл чарба министрлигинин ветеринария жана фитосанитария кызматы (“Россельхознадзор”) тарабынан адал деген колбасада чочконун ДНКсы табылганы тууралуу билдирүүсүнө  Кыргызстанда колбаса чыгаруу боюнча эң ири –“Тойбосс” продукциясын чыгарган “Адал азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мырзабек Орумбаев пресс-конференцияда компания он жылдан бери иштеп, эч убакта адал колбасага чочконун этин кошпой турганын билдирди.

“Биздин компанияга он жыл болду, анын ичинен беш жылы биз Орусия, Казакстан ж.б. өлкөлөргө продукиця экспорттоп келебиз. Биз эч убакта колбасада чочконун этин колдонгон эмеспиз. Ошондой эле адалдап союлбаган малдын этин да сатып албайбыз” деп билдирди директор Мырзабек Орумбаев.  

“Тойбосс” колбасаларынын тиешелүү адал сертификаттары бар экендигин да белгиледи.

Адал колбасалардын ичинен алар БАЭ, Катарда жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан.

Тойбосс компаниясынын үч адал сертификаты бар:

  1. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;

2. Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору;

3. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

Чочконун эти кошулган деген колбаса Алтайдан табылган, ал эми алар Алтайга түз продукция экспорттобой турганын айтты.  

-Аталган колбасанын үлгүлөрү Алтайдан табылган. Ал партия 23-мартта жиберилген. Биз кепилденген продукцияны Москва жана Новосибирскиге гана жибергенбиз.  Алтайга бизде түз жиберүү жок, -деп билдирди Мырзабек Орумбаев.

Ошондой эле продукцияны алар бардык лабораторияларга, анын ичинен Алматы шаарына да жибере турганын, чындыкты тастыктоо продукциянын аты үчүн да, өлкөнүн айыл чарбасынын бедели үчүн да зарыл экенин билдирди.

Буга чейин «Россельхознадзор» «Тойбосс» адал колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирген.

Сүрөт: «Адал азык» компанисынын социалдык баракчасынан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты