Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот жылдырылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаардык соту оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карай турган сот отурумун 10-июнга жылдырды.   

Соттун жылдырылышына ушул иш боюнча айыпталып аткан Акыл Айтбаевдин башка сотко катышып жатканы жана отурумдун катчысынын окууга кетиши себеп болгон.

Бул тууралуу Адахан Мадумаровдун адвокаты Сейитбек Довлатов ЖМКга билдирди.

3-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы боюнча сот отуруму жабык өттү. 19 томдон турган иш менен таанышуу үчүн адвокатка үч күн убакыт берилип, соттук отурум 7-июнга жылдырылды.  

26-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров камактан бошотулду. 26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган. 

Адахан Мадумаровду былтыр 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты