Адахан Мадумаров: Өлүм жазасын киргизиш керек

Өлүм жазасын киргизиш керек. Мен ушул сунушум үчүн 2009-жылы кызматтан кеткем,-деди “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.   

-Урматтуу кесиптештер, көтөрүлүп жаткан маселенин баарына бир гана жооп менен жооп айтсак болот. Эгерде Жогорку Кеңеш өзүнүн татыктуу ордун ээлеген болсо. Бизде, Конституция боюнча комитеттерде мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө укугу турат. Тилекке каршы, биздин комитеттер азуусуз, кээ бир жерде эрксиз, биз сүйлөгөндө аябай туура сүйлөйбүз, микрофонго чыгып. Анан “колдоп койгула” десе, унчукпай колдоп койгонубуздун кесепетинен ушул нерселер болуп жатат.

Өкмөттү, Баш прокурорду чакырыш керек деп олтуруштун кажети жок. Бул – алсыздык. Мыйзам, Конституция бар Кыргызстанда. Конституция менен мыйзамдардын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, “секирбеген” Баш прокуроруңарды, министриңерди көрөт элем.

Бирок биз алсызбыз, эрксизбиз, көз карандыбыз. Биз “колдо” деген жерин колдоп бере беребиз, анан келип эле «антишибиз керек, минтишибиз керек» дей беребиз.

Өлүм жазасын киргизиш керек. 2009-жылы мен өлүм жазасын киргизишибиз керек деген үчүн кызматтан кеткем. Биздин дүйнөлүк убадабыз бар, ага мораторий жарыяланган. Ал үчүн референдум өткөрүш керек.

Мындай кылалы, урматтуу эл өкүлдөрү, биз өзүбүздүн функциябызды так, кыйшаюусуз, эч кимге жалтаңдабай аткаралы, бардыгы өзүнүн ордуна түшөт. Мына ошондо мыйзам тизилген жиптей болуп калат.  Өзүбүз принциптүү бололу. Өзүбүз ушул позицияларга бекем туралы. Ар бир мыйзамды талкуулап жатканда бузуулар болуп жатат, а биз унчукпастан добуш берип жатабыз. Ошондуктан бизди эч ким көзгө илбейт.

Мен сиздерге сунуш киргизем, туура көрсөңүздөр ар бир  комитет өзүнө бөлүнгөн ар бир мыйзамдын аткарылышын ревизия кылып чыгыңыздар , мен “бийлебеген” жетекчини көрөйүн, -деди депутат Адахан Мадумаров.    

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңеште коомчулуктагы бир катар көйгөйлөргө, анын ичинде Кадамжайдагы өспүрүм кызды мыкаачылык менен өлтүрүү, зордуктоо фактысы курч коюлууда.

Бир катар депутаттар ушул маселени көтөрүп, эртеңки жыйында тиешелүү жетекчилерди чакырып, маселени жалпы жыйынга алып чыгуу сунушу каралууда.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.        

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты