Ачык эшиктер айында музейлерге бир жумада 50 миңге жакын киши барды  

  • 1 месяц мурун

1-октябрь айынан тартып мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда. Ачык эшиктер айында 37 музейге биринчи жумада 50 миңге жакын жаран барды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Ачык эшиктер айы 1-октябрдан – 30-октябрга чейин уланат.

“Өз тарыхыбызды, маданиятыбызды жана улуттук нарктарыбызды таануу менен Мекенге болгон сый-урматты дагы да арттыруу үчүн “Ачык эшиктер айына” катышыңыз!” деди министрлик.

Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты