Абу-Дабиде Кыргызстандын БАЭ арасында айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча меморандумга кол коюлду
- 4 дня мурун
14-апрелде Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигинин ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Меморандумдун практикалык ишке ашырылышы жана расмий күчүнө кириши тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган датага жараша бир айдын ичинде жарыяланат.
Маалыматта айтылгандай, документке Министрлер Кабинетине караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары – ички иштер министри шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшту.
Жолугушууга кыргыз тараптан консулдук департаменттин директору Жумакадыр уулу, ошондой эле БАЭдеги элчи Салиев жана аталган элчилик өкүлдөрү катышты.
Сүрөт: КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы