“Абдыш ата” футбол командасы үчүнчү жолу өлкөнүн чемпиону болду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 5-ноябрда, Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде «Абдыш ата» жана «Дордой» футбол командаларынын жолугушуусу өттү.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, беттеш 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү беттеш болду. Оюн талаа ээлери 1-0 эсебинде бишкектик клубду жеңип, мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын чемпиону болушту. «Абдыш-Ата» катары менен үчүнчү ирет өлкө чемпиону аталды.
Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев жана «Абдыш-Ата» футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышты.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион болгон командага 50 миң АКШ долларын түзгөн сыйлык сертификатын ыйгарды.
Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги