Абдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
БШКнын маалыматында айтылгандай, 19-ноябрдагы жыйында “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Арсланбек Эгембердиев Арсланбек Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Аага депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.
БШК бүгүн, 19-августтагы, жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Сүрөттө: жаңы депутат Арсланбек Эгембердиев. shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү