Абактагы Имамидин Ташов ачкачылык жарыялады
- 10 месяцев мурун
№1 тергөө абагында кармалып жаткан ишкер Имамидин Ташов мекеме жетекчилигинин кысымына каршы ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргымбаева билдирди.
Анын айтымында, Ташов камак шарттарынын бузулушу боюнча Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга кайрылгандан кийин басымга кабылган. Ал мурдагы алты кишиге эсептелген камерага 18 адам жайгашкан, арасында оор кылмыштар үчүн соттолгондор бар камерага которулган. Ошондой эле анын жеке буюмдары алынган.
Адвокат мындай аракеттер мыйзам бузууга жатат деп эсептейт.
Эске салсак, Имамидин Ташов 2024-жылы УКМК тарабынан “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлуп, кармалган. Сот аны тогуз жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү




