Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 6 месяцев мурун

31-октябрда эртең менен жана күндүз, ошондой эле 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөйт:

-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2 күндүз 7…12;

-Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3,күндүз 6…11;

-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3, күндүз 5…10;

-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 6…11;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5, күндүз 6…11 жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 , күндүз 1…6 , бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 суук болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты