Президент кар жиреп мектепке барган Нурзаман Алмазбековду кабыл алды

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин төртүнчү классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда төртүнчү класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган.

Президент Садыр Жапаров да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү ага белек — ноутбук, топ, китеп тапшырды. Мындан тышкары президент окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун берди.

Мамлекет башчы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Нурзаманга ийгиликтерди каалады.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты