Төө-Ашуу жана Ала-Белде унаа кыймылына убактылуу чектөө алына элек
- 2 месяца мурун
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок.
Ошондой эле, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Коо ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.
Сүрөт: mtd.gov.kg




