Депутат Акаев Алайда эки ашууда ызгаар суукта айдоочулар үч күндөн бери жол тыгында турганын айтты   

  • 2 месяца мурун

№8 көп мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек  Акаев бүгүн, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында Чоң-Алай жана Алайдагы ашууларда ызгаар суук, карда оор жүк ташуучу унаанын жүздөгөн айдоочулары жол тыгында калганын айтып чыкты.     

-Алай менен Чоң-Алайга кечээ кар калың жаады. Биздин оор жүк ташуучу миңдеген жүздөгөн, автоунаалардын айдоочулары эки ашууда туруп калды.

Кытайдан келген айдоочулар жайкы дөңгөлөк менен айдагандыгы үчүн дайыма жол тыгыны пайда болууда.

Үч күндөн бери ошол жерде жаткан жүздөгөн айдоочулар бар, булар менен азыр видео чалуу менен сүйлөштүм, аларды караш керек. Экинчиден, жүздөгөн техникаларды ай сайын эле тапшырып жатасыздар. Ошол жол тейлөө кызматына, айдоочуларды азапка салбаш үчүн техниканы көбөйтүп бериңиздерчи. Ушул күндө да кыш ызгаарда биздин жүздөгөн айдоочуларыбыз ошол жерде үч күндөн бери жатат,-деди Жанарбек Акаев.              

Депутаттын суроосуна жооп катары жыйынга катышкан Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев ашуулар тазаланып жатканын, техника жетиштүү экенин билдирди.

-Кар калың түштү, бирок ал жакта техника жетиштүү. Жолду тазалаганга чейин оор жүк ташуучулар тартипти бузуп, каршы жолго чыгып, техникага өтүүгө жол бербей, ошонун натыйжасында тыгын пайда болду,  4-5 саат. Бирок 4-5 саат ичинде жолду тазалап, каттам бар. Тоңду тазалоого тумандан жол көрүнбөй турду бир сааттай, 1-2 метр эле көрүнүп. Ошонун негизинде ал жерде дагы 2-3 саат каттам токтоду. Бирок чектөөлөрдү киргизип, жол коопсуздугун каттоо кызматкерлери менен бирге жөнгө салып, бүгүнкү күндө тынымсыз каттам бар, -деди министр Сыргабаев.     

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты