Шашылыш билдирүү: 16-19-январда өлкөдө аба-ырайы өзгөрөт

  • 4 недели мурун

16-17-январда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыска жолго чыгууда унаада кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча “112” номерине байланышууну эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты