Аба-ырайы: Эртең жаан-чачын күтүлөт
- 2 года мурун
Эртең, 27-октябрда, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 6…8, күндүз 7…9° жылуу, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн.
Муну бөлүшүү