А. Жапаров: жылытуу мезгилинде иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат

  • 3 года мурун

Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын жана «Кара-Кече» көмүр кенинин иши менен жеринен таанышып келди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчысы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана кен казуучу компаниянын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскерткен.

«Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл».

Мындан тышкары маалыматта жыйныдын жүрүшүндө көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланганы айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагында көмүргө карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты