АӨБ Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоо үчүн 80 млн доллар берет

  • 2 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга 80 миллион доллар берет. Анын 10,7 миллион доллары грант. Калган 69,3 миллион доллар 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыяга алынып жатат.

Тиешелүү кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.  Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 16-ноябрда маалымдады.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 1994-жылдан бери 1,3 миллиард доллардан ашык насыя, 811 миллион доллар грант жана 69 миллион долларлык техникалык жардам көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты