86 жаш курагында профессор Күмөн Исаков көз жумду

  • 1 месяц мурун

86 жаш курагында экономика илимдеринин доктору, профессор Күмөн Исаков көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары ЖМКга маалымдады.

Күмөн Исаков 1940-жылы 7-июлда Кемин районунун Борду айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтта окутуучу болуп баштаган. 1969-жылы Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасын аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган. Кийинчерээк экономика илимдеринин докторлук илимий даражасына ээ болгон.  

1990-жылдан тартып, бир катар жылдары мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2000-жылдан баштап Кыргыз-Орус славян университетинин биринчи проректору болгон.

Күмөн Исаковго Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген ишмери наамы жана башка бир катар сыйлыктар ыйгарылган.

Күмөн Исаков менен коштошуу эртең, 10-октябрда, саат 9:00дө Бишкек шаарынын “Ала-Арча-2” шаарчасында өтөт. Анын сөөгү туулуп-өскөн Кемин районунун Борду айылына коюлат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты