8-март — жаздын жаркын майрамы

  • 2 месяца мурун

8-март—ак элечек апалардын, эжелердин, кыз-келиндердин майрамы менен куттуктайбыз!

“Аял—үйдүн куту” деп бекеринен айтылган эмес. Сиздер үйдүн, коомдун, өлкөнүн кутусунар. Аял бар жерде турмуш кандай гана кыйын кырдаал болбосун, жолун таап кетүү үчүн күрөшөт.

Жаздын ушул жаркын күнүндө сиздердин ар бириңиздерди жакшылыктар гана жылоолосун!

Майрамдын тарыхына келсек, Клара Цеткин эл аралык айымдар күнүн жарыялоону, митинг жана жүрүштөрдө өз көйгөйлөрүн көтөрүп чыксын деген максатта сунуштаган.

Бир катар өлкөлөрдө 8-март аялдар майрамы катары белгиленет. Ал көптөгөн өлкөдө тең укуктуулук жана эмансипация үчүн күрөштө тилектештик күнү катары пайда болгон.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылды эл аралык аялдар жылы деп жарыялаган жана эл аралык аялдар күнүн белгилей баштаган.

1977-жылы БУУнун башкы ассамблеясы ар бир мамлекет өз салттарына жараша жылдын бир күнүн айымдардын теңдик күнү деп жаряялоо туурасында мамлекеттерге сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты