8-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды
- 5 дней мурун
8-июлда саат 04:42 мүнөттө жана саат 01:54 мүнөттө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
8-июлдагы биринчи жер титирөө саат 04:42 де болуп, очогунда 4,5 баллга жеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Кыргызстандын Кара-Тейит айылынын түштүк-батышынан 40 чакырым, Баткен шаарынын түштүк-чыгышынан 110 чакырым алыстыкта болгон.
Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 балл, Шибе, Кучу айылдарында 2,5 балл болгон.
8-июлдагы экинчи жолку жер титирөө саат 01:54 тө болгон. Анда жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, экинчи жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда катталган. Тоскоол айылынын түштүк-батышынан 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынын түштүк-чыгышынан 22 чакырым, Манас шаарынын түштүк-чыгышынан 35 чакырым алыстыкта болгон.
Экинчи жер титирөөнүн күчү Тоскоол, Кара-Булак, Гелеген айылдарында 4 балл, Эски Масы, Алма, Кызыл-Октябрь , Масы, Советское айылдарында 3,5 балл, Майлуу-Суу шаарында , Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Үч-Булакта 3 балл, Арланбаб, Жай-Терек айылдарында, Манас шаарында 2,5 балл болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Сейсмология институту




