75чилердин каты». Прокуратура жазаны катаалдаштырууну талап кылууда
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 13-августта, Бишкек шаардык сотунда “75чилердин каты” боюнча апелляциялык арыз каралып жатат.
Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттерге билдиргендей, Башкы прокуратура бул иш боюнча соттун өкүмүнө даттанып, айыпталуучуларга карата катаал жаза талап кылууда.
Ал эми жактаган тарап айыпталуучулардын күнөөсүз экенин белгилеп, аларды актоону өтүнүүдө.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар «75чилердин каты» иши боюнча айыпталуучуларды тогуз жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган.




