7 саясий партия шайлоого катышуудан баш тартты

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында өткөн жыйналышында «Ак-Шам», «Элдик партия», «Менин Мекеним», «Замандаш», «Акшумкар», «Айкөл Кыргызстан», «Кыргызстандын Баба Дыйкан (фермерлер)» саясий партияларынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирүүлөрүн карап чыкты.

Алардын билдирмелерин эске алуу жөнүндө чечим кылды.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: «ПолитКлиника/Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты