7-апрель — элдик революцияны эскерүү күнү
- 2 недели мурун
- Баяндар
7-Апрель окуясынан бери 15 жыл өттү. «Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду» деп айтылат Садыр Жапаровдун 7-апрель күнүнө карата айтылган кайрылууларынын биринде.
Садыр Жапаров 2010-жылы 7-апрелде «Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин ээси экендигин көрсөткөнүн» белгилеп, өлкө эгемен тарыхында бул «орду толгус жоготуулар коштолгон окуя болуп каларын» айтты
7-апрель күнүнө карата мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кайрылуу жасады.
«7 апрель өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө күн, жүрөктө өзгөчө сезимдерди ойготот. Зөөкүрлүктү, зомбулукту кабыл албаган элибизге сыймыктануу. Ала Тоо майданында ошол күнү шейит болгондорго жана жарат алып, кийин көз жумгандарга кайгыруу.
Апрель революциясынан кийин Кыргызстан бүтүн дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылып калган. 15 жыл өттү. Бирок, мезгил өткөн сайын мамлекет эркиндик менен жарандар укугун өз эгемендүүлүгүндөй коргоп, сактаганга милдеттүү экендигин абдан так түшүнүп жатабыз. Бул элдин жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарты экендиги талашсыз» деди Алмазбек Атамбаев.
«Азыркы татаал заманда, бүтүн дүйнө олкуп-толкуп турат. Кыргызстандын жетекчилери аймактын коопсуздугу үчүн, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бир топ иштерди жасап жатат. Бирок, бул орчунду маселелердин катарында, а балким алардан да маанилүү орунда — элибиздин эркин рухун, адилеттүүлүккө ишенимин сактап калуу, жарандык коом, саясий күчтөр, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттары менен тил табышуу маселелери туруш керек. Бул иш оңой эмес, бирок, башка жол жок» деп белгиледи Атамбаев.
«Жашасын эгемендүү Кыргызстан! Эркиндик үчүн шейит болгон баатырлардын эрдиги кылымдарда өчпөс! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! Ар бир үй-бүлөөгө, ар бир мекендешиме ден соолук жана бак-таалай каалайм» деди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылууда.
2010-жылы ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуну каршы толкундоолор 7-апрелде аяктаган. Анын жыйынтыгында Бакиевдин бийлиги кулатылды. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Бакиев азыр Беларуста баш калкалап жүрөт.
7апрелде Саат эртең мененки сегизде Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөт иштей баштады. Анын катарына Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев ж.б. кирди.
2010-жылдын 10-апрели күндүзгү саат он экиде Ата-Бейитте курман болгондор жерге берилди.
10-апрелде элдик революция күнү курман болгондорду жерге берүүдө бейит башында сүйлөгөндөрдүн катарында Убактылүү өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев мындай деп сүйлөгөн.
“7-апрель-тарыхый күн. Кыргыздын эр азамат жигиттери, кыздары кыргыз элин кул кылууга мүмкүн эместигин далилдешти. Бир адам, бир үй-бүлө байлыгы, бийлиги менен, куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтүштү. Бул намыс үчүн күрөш күн болду. Өмүр жана эркиндик деген ураан алдында кыргыз элинин азаттыгы үчүн эл жексур бийликти жеңип чыкты. Миңдеген адамдар өз көкүрөктөрүн окко тосуп чыгышты”.
Андан ары Өмүрбек Текебаев 7-апрель күнүнүн мааниси өзгөчө зор экенин айткан:
“Бул өзгөчө күн. Анткени бул- кыргыздын жаңы мүнөзүн калыптандыра турган зор окуялардын бири. Кайгылуу окуяда курман болгон элдик уулдарыбыз кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачты. Биз курман болгондордун асыл максаттарын ишке ашыруу үчүн эл алдында ант беребиз. Адардын канын төккөндөрдү жазага тартабыз деп ушул жерден ант беришибиз зарыл. Бийлик эл үчүн иштейт деп ант беришибиз абзел” деген Өмүрбек Текебаев.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
2012-жылы 7-апрелде 2010-жылдын апрелинде курман болгон жана жабыр тарткандарга арналган эстелик ачылган. Ал ак менен каранын күрөшүн символдоштурат.
Сүрөт: Апрель революциясынын курмандыктарына арналган эстелик. Интернет булактарынан