УКМК жарандарды 9-майда “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарандарды “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырды.

Атайын кызмат билдирүүсүндө улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Маалымат социалдык тармактарда 9-майга карата “Z” белгиси бар аскердик кийимдердин жарнамалары таратылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу экени кошумчаланган.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Винтаж кийим дүкөнү “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди жана костюмдардын жарнамалап жатканы социалдык тармакта талкууланып, нааразычылык жаратып жаткан.

Жарандык активист Умай Арыкова буга байланыштуу атайын кызматка кайрылган.

Мурдараак Бишкек шаарында автоунааларына «Z» белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салынып, белгилер сыйрылган. Бишкек милициясынын кайгуул кызматы автоунаага уруксаты, атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

«Z» жана «V» тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты