Соңку бир күндө коронавирус эки адамдан аныкталды
- 2 года мурун
19-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун эки учуру катталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 982ге жетти.
Акыркы суткада илдеттен айыгып чыккандардын саны — 10. Жалпы — 196 341.
Каза болгондор катталган жок. Жалпы — 2991.
Ооруканаларда 27 жана үй шартында 31 киши дарыланып жатат.
27 бейтаптын 19унун абалы орто оор, бешөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.
Муну бөлүшүү