Октябрь окуясы: судьяны алмаштыруу боюнча адвокаттардын арызы канааттандырылган жок

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди.

Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип калганын, бирок сокто көрсөтмө бербей турганын билдирди.

Отурум судья Убайдулла Сатимкуловдун төрагалыгы алдында өтүп жатат. Белгилей кетсек, 4-апрелдеги отурумда айыпталуучулардын адвокаты Замир Жоошев судьяга ишенбөөчүлүк жарыялап, аны алмаштыруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Судья Сатимкулов 5-апрелде ал өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Октябрь окуясы боюнча 4-апрелдеги соттук отурумдун соңунда айыпталуучулардын бири Алмазбек Атамбаев өзүн начар сезип жатканын билдирип, «Тез жардам» алып кеткен.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Учурда Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши менен Фарид Ниязов гана камакта отурат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты