NYT: Бучадагы адамдардын сөөктөрү шаарды орус аскерлери ээлеп турганда пайда болгон

  • 2 года мурун

The New York Times басылмасы Украиндагы Буча шаарынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялап, шаардын көчөлөрүндөгү адамдардын сөөктөрү орус аскерлери шаарды ээлеп турганда эле пайда болгонун жазды.

Журналисттер марттын ортосунда Maxar Technologies компаниясы тарабынан тартылган сүрөттөрдү анализдеп чыгып, жайкын тургундар үч жумадан ашык убакыт мурун — шаар орус аскерлеринин көзөмөлүндө турганда өлтүрүлгөн деген жыйынтыкка келишкен.

Тактап айтканда, Яблунск тар көчөсүнөн 9-марттан 11-мартка чейинки убакта тартылган сүрөттөрдө көлөмү адамдын тулкусундай кеминде 11 объект байкалган жана алар 3 жума бою ошол жерде жаткан. Алардын жаткан жери 2-апрелде жарыяланган видеодогу адамдын сөөктөрү жаткан жер менен дал келет.

Журналисттер Яблунск тар көчөсүндө тартылган дагы бир видео спутниктен алынган сүрөттөгү деталдар менен дал келерин аныкташкан. Журналисттердин билдиришинче, аталган видеодогу адамдардын сөөктөрү 20-21-марттын аралыгында пайда болгон.

Өткөн жуманын соңунда орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланган. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болгон. Мындан улам украин тарап Орусияны адамзатка каршы кылмыш кылууга айыптаган. Буга байланыштуу батыш өлкөлөрү Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү пландап жатышат.

Ишембиде Буча шаарына кирген Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташкан.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги жайкын тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу айыптоолорду четке кагып, бардык сүрөттөр менен видеолор чагым экенин жана аларды Киев режими «батыш ЖМКлары үчүн атайын жасаганын» билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты