Кыргызстан менен Түркия интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташат

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева баштаган делегация иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде Анкара шаарында Рахат Керимбаеванын Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды техникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты.

Кыргызпатенттин делегациясы 5-6-апрель күндөрү Анкара жана Стамбул шаарларында жайгашкан Түркиянын автордук укук, технологиялар жана инновациялар жаатындагы бир топ мекемелери менен жолугушууларды өткөрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты