Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин курамы өзгөрдү

  • 2 года мурун

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу аталган кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Жогорку Кеңешке жаңы чакырылыш шайланып келгенине жана Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү алмашканына байланыштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамы өзгөргөнү айтылат.

Кеңештин курамынан Мээримбек Койчуманов, Чыңгыз Макешов, Наталья Никитенко, Бактыбек Турусбеков, Болотбек Купешев, Дастан Догоев, Эмилбек Исеналиев, Гүлүмкан Самтырова, Актилек Түнгатаров чыгарып, ордуна Медербек Алиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Динара Ашимова, Алишер Козуев, Жалолидин Нурбаев, Нурланбек Азыгалиев, Алмазбек Бейшеналиев, Талантбек Иманов, Дастан Иманалиев кирди.

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеши 2021-жылдын июль айында түзүлгөн. Кеңешке “коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү” милдети жүктөлгөн. Муну менен катар “коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” иштерин аткарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты