Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму: Өкүм чыгаруу 12-майга жылдырылды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда шектүүлөр соңку сөздөрүн айтышты. Судья Азирет Медеров өкүм чыгарууну 2025-жылдын 12-майына жылдырды.

Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Буга чейин шектүүлөр президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев, мурдагы депутаттар Асел Кодураңова, Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина соңку сөздөрүн айтышты.

Прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратууга, Канат Сагымбаевди 11 жыл 6 айга, Фарид Ниязов менен Рашан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев жана Кундуз Жолдубаеваны  3 жылга пробация жазасын берүүнү сурады.

2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту кароону улантууда.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты